Үч-Терек айыл өкмөтүнүн карамагында 5 айыл бар. Алар: Жетиген, Такталык, Кызыл-Ураан, Саргата жана Үч-Терек. Айыл аймагынын киреше бөлүгү өткөн жылда 26854,0 сомго аткарылып, 15 ишкана ачылып, 52 жумуш оруну түзүлгөн. 2025-жылга карата калкынын саны – 11850.
Айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу багытында Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан жасалып жаткан иштерди коомчулукка сунуштайбыз.
2024-жылы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн орто мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүү планына (СЭөП) киргизилген маанилүү жана көйгөйлүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында ички жана тышкы инвестицияларды тартуу менен бир катар иштер аткарылган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында айыл өкмөттүн 7 долбоору райондук комиссия тарабынан жактырылып, БУУ ДАТП колдоосу менен төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
Саргата айылында жайгашкан №30 К.Токторалиев орто мектебинин карамагындагы 30 сотых жерлердеги эскилиги жеткен алма багынан 80 даана куураган алма бактарды кыюу жана 100 даана жаңы сорттогу алма бактарды отургузуу, айланасын темир тор менен королоо, профил стойкаларын орнотуу, үч катар тикенек зым менен бекемдөө иштери аткарылды. Ишти жүзөгө ашырууга 12 адам катышып, 150 доллардан акчалай каражат алышты. Жалпысынан 233610 сомдук жумуш иштери аткарылды.
Саргата айылынын борбордук О.Кодиков көчөсүндө курулган суу өткөрүүчү курулмалардын суу өткөрүмдүүлүктөрүн кеңейтүү, кырсыктын алдын алуу, болтурбоо жана экономикалык чыгымдарга жол бербөө максатында сел сууларды өткөрүүчү ички чарбалык көпүрөлөрдү куруу долбоору. (8 даана шакекчелерди орнотуу) Ысырык-Булак жайытына капташ куруу. (узуну – 80 м, туурасы – 30 см, бийиктиги – 80 см) 50 өлчөмүндүгү суу түтүгү менен суу тартып келүү, ноо куруу долбоору 100%га аткарылды. Токтогул райондук өнүктүрүү фонду тарабынан көпүрөнүн курулуш материалдары үчүн 159 600 сом, Ысырык-Булак жайытына ноо куруу үчүн Жайыт комитетинен – 42000 сом акча каражаты жумшалды, БУУ ДАТП тарабынан 8 адамга 6 кап ун, 30 литрден май – 112 800 сомдук азык-түлүк берилди. Жалпысынан 314400 сомдук жумуш иштери аткарылды.
Саргата айылынын Атабай, Куу-Карагай жайлоосуна баруучу жолго унаа өтүүчү көпүрө куруу долбоору (узуну – 8 м, туурасы – 3 м), Саргата айылынын Б.Өмүрканов көчөсүнүн баш жагына көпүрө куруу (узуну – 6 м, туурасы – 4 м) ишке ашты. Жайыт комитети тарабынан – 149840 сом, жергиликтүү бюджеттен – 192700 сом, БУУ ДАТП тарабынан 302400 сом акча каражаты жумшалды. Долбоордун катышуучуларынын саны – 14 адам.
Долбоорго 644 940 сомдук инвестиция тартылды.
Жетиген айылына Раскол мал дарылоочу жай куруу боюнча (узундугу – 15 м, туурасы – 20 м) аталган долбоор толук кандуу бүттү. Жайыт комитети тарабынан – 180050 сомго курулуш материалдары сатылып алынып, БУУ
ДАТПнан 12 адам 6 кап ун жана 30 литрден май алышты. БУУ ДАТП – 169200 сомдук инвестиция тартылды.
Жалпы долбоордун наркы 349 250 сомду түздү.
Үч-Терек айылында жайгашкан №15 Сатымбүбү Апа балдар бакчасына 200 метр аралыктан таза суу тартып келүү, 6 даана заманбап ажаткана жана бийиктиги – 6 метр, туурасы – 1,5 метр болгон септик куруу дол-
боору ишке ашты. Долбоорго жергиликтүү бюджеттен – 240350 сом, “Гуд Нейборс” уюмунан – 250000 сом, БУУ ДАТП – 176400 сом бөлүндү жана 14 адам жумуш менен камсыз болду. Долбоордун наркы 666 750 сомду түздү.
Үлүштүк дем берүүчү грант
Кызыл-Ураан айылындагы №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин терезелерин алмаштыруу долбоору ишке ашты. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кош каржылоого өтүп, 3 237 408 сомго «СК Райн» ЖЧКсы тарабынан окуу мезгили башталганга чейин өз мөөнөтүндө толук кандуу бүткөрүлүп берилди. Өздүк салым катары Токтогул райондук атайын фонду тарабынан – 752 567 сом, үлүштүк (дем берүүчү) грант – 2 484 841 сом сарпталды.
Жалпы үлүштүк дем берүүчү гранттан – 3 237 408 сомдук инвестиция тартылды.
“Гуд Нейборс” бейөкмөт уюму тарабынан:
“Гуд Нейборс” бейөкмөт уюму тарабынан – 350 балага, ар бир балага – 2225 сомдук күнүмдүк турмушта керектелүүчү азык-түлүк (ун, суу, май, шекер, гречка, күрүч, перловка, макарон) таркатылды. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген 10 балага дары-дармектер таркатылды. Жалпысынан 808000 сом сарпталды.
Ч.Орозов атындагы Үч-Терек ЖДПБга жана ГСВ №12 күндүзгү стационардык бөлмөсүнө таза суу түтүкчөлөрү киргизилип, септик, канализация толук кандуу курулду. Курулуш материалдарын “Гуд Нейборс” бейөкмөт уюму – 180000 сомго, ЖДПБ-1900000 сомго каржылады. Жалпысынан 3700000 сомдук жумуштар аткарылды.
“Гуд Нейборс” бейөкмөт уюму тарабынан ар бир айда жеке тандоо менен Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы 210 балага 350 000 сомдук кийим кече, канцелярдык товар берилди.
Ошондой эле Кызыл-Ураан, Жетиген, Үч-Терек, Саргата айылдарынан 1500 балага “Гуд Нейборс” бейөкмөт уюму тарабынан канцелярдык товарлар тапшырылып, 360 000 сомдук инвестиция тартылды.
Жалпысынан “Гуд Нейборс” бейөкмөт уюму тарабынан – 5 218 000 сомдук инвестиция тартылды
АРИС тарабынан:
КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча долбоорунун алкагында документтер даярдалып, долбоордук сунуштар жиберилген, натыйжада заманбап үлгүдөгү УЗИ аппараты (1 даана) 2670000 сомго алынып келинди.
Жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Үч-Терек айылына йогурт чыгаруучу цех сатылып алынды. 2025-жылдын 1-кварталында толук кандуу ишке ашуу алдында турат. Жалпы наркы – 2860000 сомду түздү.
УЗИ аппаратын коюу үчүн ГСВ-12 кошумча имарат 3600000 сомго «Ньюстрой» ЖЧКсы тарабынан курулууда, каржылоо булагы АРИС.
Жалпы АРИС тарабынан – 9 130 000 сомдук инвестиция тартылды
Токтогул райондук өнүктүрүү фонду тарабынан:
Үч-Терек айылында жайгашкан Т. Абдиев атындагы маданият үйүнүн залына 400 орундуу отургуч (кресло) жана сахнасына (узуну – 12 м, туурасы – 10 м) көшөгө сатып алуу долбоору жеке ишкер Өмүржан уулу Мирбек тарабынан 2 572 200 сомго ишке ашырылды. Токтогул райондук өнүктүрүү фонду – 2 272 200 сом, өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен – 300000 сом сарпталды.
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген айылдарындагы жаңы конуш катары элге тартылып берилүүчү 84,82 га жер аянтына башкы план (генплан) чийдирүү кызматын сатып алуу дол-боору бүгүнкү күндө 100%га соңуна чыга элек. Долбоорго жергиликтүү бюджеттен – 204827 сом, Токтогул райондук өнүктүрүү фондунан – 400000 сом, жалпы – 604 827 сом бөлүндү.
Жалпысынан Токтогул райондук өнүктүрүү фонду тарабынан – 2 831 800 сомдук инвестиция тартылды.
Республикалык бюджеттен:
Социалдык контракттын негизинде жакыр жана аз камсыз болгон 66 үй-бүлөгө социалдык жардамдар көрсөтүлдү, ошондой эле 22 үй-бүлө Дүйнөлүк банк тарабынан, 44 үй бүлө республикалык бюджеттен алышты. Жалпы: 6 600 000 сомдук жардам көрсөтүлдү.
Үч-Терек айылындагы №29 М.Нургазиев орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору, КИИБ республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинен 2023-жылга бекитилген титулдук тизмесине кирип, «Грейд» ЖЧКсы 73 000 000 (жетимиш үч миллион) сомго утуп, келишимге кол коюлуп, учурда жумуш иштеринин 90%ы аткарылды, долбоор – 73 000 000 сомду түздү.
Т.Молдомусаев башталгыч мектебинин алдында ачылган «Баластан» балдар бакчасы капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 3 сааттык бала бакча ачуу үчүн 3 000 000 сомго жумуш иштери аткарылды.
Жергиликтүү бюджеттен жана коомчулуктан
Жетиген айылына узундугу – 18 м, туурасы – 9 болгон күрөш залы курулду. Жергиликтүү бюджеттен – 304000 сом, жергиликтүү жашоочулардан 1 110 000 сом, жалпысынан 1 404 000 сом жумшалды.
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылына узундугу – 7 м, туурасы – 4,5 м болгон почта түйүнүнүн имараты курулду. Жергиликтүү бюджеттен – 174 200 сом сарпталды.
Такталык-Жетиген жолунун 7 чакырым аралыгына шагыл төгүлдү. Жергиликтүү бюджеттен күйүүчү май үчүн 107 475 сом акча каражаты жумшалды.
Кашка-Терек участкасына жаныбарлардын өлүктөрүн зыянсыздандыруу максатында атайын Беккари чуңкуру Жайыт комитети тарабынан 273 950 сомго курулду.
Жайыт комитети тарабынан Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагын кесип өткөн Ош-Бишкек эл аралык маанидеги авто унаа жолунун боюна коопсуздукту алдын алуу максатында видео-көзөмөл жүргүзүүчү камера ИИМ менен ЖөБ органдары «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 100 000 сомго орнотулду.
Ошондой эле К.Токторалиев атындагы орто мектебине демөөрчүлөр тарабынан жалпы 253 000 сомго заманбап 31 видео көзөмөл орнотулду.
Жалпы жергиликтүү бюджеттен жана коомчулуктан –2 312 625 сомдук инвестиция тартылды.
Айыл аймагына 2024-жыл ичинде жалпысынан 108 044 890 сомдук инвестиция тартылган.
Жалпы Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча социалдык багытта аткарылган ар кандай иш-чараларга жана жарандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында 2024-жыл ичинде – 808 240 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен жумшалды.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”