Бишкекте Кытайда өтүүчү Кышкы Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасына өлкөнүн мамлекеттик желегин тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Хоккей федерациясы социалдык тармактарда билдирди.
Ачылышта желекти хоккейчи, КР курама командасынын чабуулчусу Мамед Сейфулов алып барат.
Эске сала кетсек, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биатлон, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышат.
Белгилей кетсек, КР хоккейчилери мелдешти 3-февралда башташат.