30-январда Сириянын убактылуу президенти болуп дайындалган Ахмед аш-Шара өлкөдөгү бардык этникалык жана диний топтордун өкүлдөрүн камтыган өткөөл өкмөт түзүү ниетин билдирди.
Элге биринчи кайрылуусунда ал жаңы бийлик эркин шайлоонун пайдубалын түптөп, мамлекеттин талкаланган институттарын калыбына келтириши керектигин баса белгиледи. Бул тууралуу Reuters жазды.
Анын айтымында, биринчи кадам бир күн мурда тараган парламенттин ордуна убактылуу мыйзам чыгаруу органын түзүү болот. Ал мыйзам чыгаруучу орган катары улуттук шайлоо өткөнгө чейин иштейт.
Мындан тышкары жакынкы күндөрдө сириялыктар өлкөнүн келечектеги саясий системасын талкуулай турган улуттук диалогду даярдоо боюнча комитет түзүү пландалууда.