Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ага Хан Трастынын маданият боюнча башкы директору менен жолугушууда өзгөчө маданий мурастарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамилелердин жүргүзүлүп жатканына токтолду.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Ага Хан фондунун ортосундагы 20 жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүлүп келе жаткан эки тараптуу кызматташуунун натыйжалуулугун белгилешип, мындан ары да билим берүүнү, саламаттыкты сактоону жана инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолушту.
Жолугушууда маданий баалуулуктарды сактоо, изилдөө жана жайылтуу программалары калыптанганы белгиленди.
Ага байланыштуу, жолугушуунун күн тартибине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп интернатынын имаратын жакшыртуу, тагыраагы Концерттик залын курууга багытталган долбоорду ишке ашыруу маселеси киргизилип, мындан аркы зарыл болгон иш-аракеттер талкууланды.