Пятница, 31 января, 2025
-4.9 C
Бишкек

Европада ысыктан улам каза болгондордун саны миллиондон ашат

Климаттын өзгөрүшү Европада 2099-жылга чейин ысыктан каза болгон адамдардын санын 2,3 миллионго көбөйтүшү мүмкүн. Изилдөөчүлөр климаттын ысыкка алып келиши, суукка байланыштуу өлүмдөрдүн азайышын толугу менен жокко чыгарышын белгилешет Nature Medicine.

Изилдөөнүн катышуучулары  климаттын өзгөрүшү 854 европалык шаарда 2,3 миллиондон ашык кошумча ысыктан болгон өлүмдөргө алып келерин билдиришти. Бирок, алар эгерде климаттык өзгөрүүлөргө каршы ыкчам чаралар кабыл алынса, 70% өлүмдү алдын алуу мүмкүн экенин белгилешкен.

Эң көп өлүмдөр Барселонада (246 082), Римде (147 738) жана Неапольдө (147 248) күтүлөт. Европанын түштүк аймактарында, айрыкча Жер Ортолук деңизинде өлүмдөр көп болот.

Жашыл аймактарды көбөйтүү, суу сактагычтар куруу жана башка чаралар шаарлардын ысыктан корголушуна жардам берет. Бирок изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул чаралар климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирин толугу менен жокко чыгара албайт.

Жыйынтыктап кетсек, көмүр кычкыл газдын эмиссиясын азайтуу өлүмдөрдү алдын алуунун негизги жолу экендиги айтылды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар