Газ, светти колдонууда коопсуздук эрежелерине көңүл бурбасаңыз өрт коркунучу туулат. Тажрыйба көрсөткөндөй, элдин көбү коопсуздук эрежелерине көп маани бербейт. Ошондуктан, коомдук имараттарга караганда жеке үйлөрдө өрт кырсыгы көп катталат. Анын кесепетинен үйлөр күлгө айланып, ал эми адамдар каза таап же оор күйүк алган учурлар болот. Мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн отту пайдаланууда этият болуп (айрыкча тамеки чегүүдө, колго жасалган жылытуучу приборлорду колдонууда), электр зымдарын жана жылытуучу мештерди өз убагында оңдоп-түзөп туруңуз.
Өрттү өчүргөнгө караганда анын алдын алуу жеңил. Өз үйүңүзду өрт коркунучунан коопсуз кылуу менен сиз өзүңүздүн жакындарыңыздын өмүрлөрүн жана үй-мүлкүңүздү да коркунучтан алыстатасыз.
Эсиңизде болсун!
-Иштелип жаткан электр приборлорун көзөмөлсүз калтырбаңыз.
-Бузук розетка,вилкаларды колдонбоңуз.
-Газ приборлорун орнотууда, оңдоодо адистерге гана ишениңиз.
-Жылытуу сезону башталаарда мешиңизди текшерип, бузулган жерлерин ондоңуз.
-Эгер өрттү байкап калсаңыз,ошол замат 101 номери аркылуу Өрткө каршы кызматына чалып, эмне күйүп жатканын, толук дарегин, өзүңүздүн аты-жөнүңүздү жана телефон номериңизди билдириңиз.
-Эгер кимдир бирөөгө коркунуч туулганын байкасаңыз, жакын жердеги кишилерди жардамга чакырыңыз.
Эскертмени жарыялаган:
Бишкек шаардык Свердлов району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери капитан Саматбек уулу Айдарбек