Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештеги жыйында Азамат Жамангуловдун Санариптик өнүктүрүү министрлигине талапкерлиги каралып жатканда депутат Камила Талиева гендердик баланстын сакталбай жатканын көтөрдү.
«Мен каршы болчумун. Коллегаларым добуш берип коюшуптур, жетишпей калдым. Эмне үчүн өкмөттөн аялдар бачым жумуштан кетип жатат?» — деп суроо салды Талиева.
Эл өкүлү мурдагы Эмгек министри Жылдыз Полотованын да жүйөөсүз иштен алынганын айтты. Ал мурдагы Санариптик өнүктүү министри Нурайым Кутнаеванын иштен кеткен себебине кызыгып, «Иштей албай койдубу, себебин билишибиз керек да? Өкмөттө аялдар жок калды! Анда Билим берүү министрин деле кетирип койгула! Эркектердин өкмөтү деп жаңгак үйүнө жазып алгыла!», — деди эл өкүлү.