Иштейбизби же силердин алдыңарда отчет берип отура беребизби? Айбек Жунушалиев шаардык кеңеште жыйындар көп өтүп жатканын айтты.
Калаа башчысы 14-январдан баштап Бишкек шаардык кеңеши 19 жыйын өткөргөнүн, бирок бир дагы жумуш бүтүрбөгөнүн белгилеген.
«Орун басарларым, департамент жетекчилери иш кылабы же силердин алдыңарда эле отчет берип отурабы? 2024-жылы бул убакта депутаттар жок биз көп иштерди баштап, нугуна салып койгонбуз. Азыр болсо шаардык кеңешке отчет берип жүрөбүз. Жыйынга фракция жетечилери катышып атса эмнеге кайра өзүнчө фракция жыйындарына жетечилерди чакырып жатасыңар? » — деген мэр.
Жунушалиев бул чогулушка «Жаңы күч» фракциясынын компроматына жооп бериш үчүн келгенин кошумчалаган.
«Жаңы күч» «мэрия баарын жеп-жутуп, мүлктүн баарын жок кылганы жатат» дегенинен келдим. Уурдасам, жесем, айткыла. Колуңардан келсе кетиргиле, мына мен алдыңардамын. Бирок сураныч, жумуштан алагды кылбагылачы. Баарыбыз ушул жерде отурсак көчөгө ким чыгып иштейт? Эртең шаардыктар кар тазаланбай калды десе, «депутаттардан сурагыла, ал күнү отчет берип отуруп иштеген эмесмин» деп айтайын»., — деген Жунушалиев.
Шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиев мэрден бул жерде окуучулар эмес депутаттар отурганын айтып, акырыныраак сүйлөөнү суранган. Конгантиев жыйынга чогулуу мыйзам боюнча депутаттардын укугу экенин эске салды.
Ортодон мэр менен Конгантиев бир топко чейин талашып-тартышып, акыры мэр «14-февралда БШКнын сессиянын жыйыны бар экен, ошондо келип отчет беребиз, ага чейин иштей берели» деп жыйындын аягына чыкпай туруп кеткен.