Мончо, унаа жуугуч, бассейн иштеткендер үчүн суунун тарифин көтөрүү каралууда.
Мэриянын коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоорунда
ичүүчү сууну жеткирүү наркы тарифтен 1,5 эсеге кымбат экени, учурда таза суу жеткирүү жана саркынды суу системалары эскирип, аны жаңыртуу үчүн каражат керектиги жазылган.
Мэрия автоунаа жуучу жай, бассейн, мончо, сауна иштеткендер сууну салыштырмалуу көп колдонорун белгилеп, аларга тарифтерди түзүүдө жогорулатылган коэффициент коюу сунушталган. Бул өз кезегинде аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн тарифти мурдагыдай сактап калууга өбөлгө болмокчу.