Пятница, 31 января, 2025
-4.9 C
Бишкек

«Электрондук виза алуу порталы коррупцияга жол бербейт». Текебаев Малиевге жооп берди

Кыргызстандын Германиядагы элчиси  Өмүрбек Текебаев  депутат  Арсланбек Малиевдин виза берүүдөгү коррупцияга айыптоосуна жооп берди. Ал виза электрондук түрдө берилгендиктен пара алуу мүмкүн эмес деп соцтармактарга жүктөгөн видеосунда билдирди.
«Германиялыктар виза алуу үчүн элчиликке кайрылышпайт. Анткени 2017-жылы Тышкы иштер министрлиги коррупция менен күрөшүу жана виза берүүнү тездетүү максатында «Виза» аттуу портал ачкан. Виза алууга келген чет элдиктер дипломат менен жолукпайт, жүзмө-жүз көрүшө албайт», — деди ал.
Текебаев Германиянын жарандары визасыз Кыргызстанда 60 күн жүрө аларын, эгер узак убакыт калгысы келсе виза алууга милдеттүү экенин айтты. Ал виза берүүдө документтер туура эмес болуп калса чет элдик жаранга дагы бир жолу визага кирүү укугу берилерин жана ар бир кайрылуу үчүн 50 доллар алынарын  кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, кечээ Жогорку Кенештин жыйынында депутат Асланбек Малиев Кыргызстандын Германиядагы элчилиги тарабынан A.Aldoukhova жана U.Ditterbrant аттуу чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга виза алуу үчүн кайрылуусунда мыйзамсыздыктар болгону айтып, элчи Текебаевди коррупцияга айыптаган.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги да жооп берип, жогоруда аталган жарандар виза алуу үчүн элчилик аркылуу эмес, “Электрондук виза” порталы аркылуу кайрылышканын билдирди.
«Чындыгында, депутат Арсланбек Малиевдин визалык процесске көмөк көрсөтүү өтүнүчүнө министрлик электрондук виза алуу тартиби, анын баасы жана чет өлкөлүк жарандардын арыздарын кароо мөөнөтү боюнча түшүндүрмө берген. Ал эми A.Aldoukhova жана U.Ditterbrant  “Электрондук виза” порталы аркылуу виза алуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан. Алардын бардык кайрылуулары мыйзамдын алкагында каралган», — деп белгилейт министрлик.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар