Пятница, 31 января, 2025
-4.9 C
Бишкек

Жогорку Кеңеш Азамат Жамангуловду министр кызматына дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште Азамат Жамангуловдун санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкерлиги каралды.

Депутат Дастан Бекешев жаңы келчү министрден алдыдагы пландары тууралуу сурады. «Бул абдан маанилүү тармак, санариптештирүү боюнча бир топ эле маселелер бар. Ишти биринчи эмнеден баштайсыз?» — деди.

Азамат Жамангулов биринчи кадам катары жүргүзүлүп жаткан иштерди токтотпой улантууну, Калкты тейлөө борборундагы кезек күтүү маселесин тездетүүнү, «Түндүк» менен «Санарип аймак» мобилдик тиркемелерин бириктирип, маалыматтарды толуктоо жана кызматты жакшыртуу планын айтты. Мындан сырткары мамлекеттик органдардагы маалыматтык коопсуздук жагын бекемдөө максатын кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар