Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарга катализаторлорду орното баштады. Бул жабдууларды Кытайдын Циндао мамлекеттик университети сунуштаган.
«Аталган долбоор башкалаадагы экологиялык абалды жакшыртууга жана абанын булганышын азайтууга багытталган иш-чаралардын алкагында ишке ашырылууда. Тажрыйба катализаторлордун зыяндуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын азайтуудагы таасирин текшерүүгө мүмкүндүк берет», — деп билдиришет Бишкек мэриясынан.
Эксперимент катары Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогер Максим Золотых жана Айбек Эркинбек уулунун унааларына катализаторлор орнотулган. Экология министрлигинин адистери газ анализатору аркылуу бул унааларды катализаторлорду орнотконго чейин жана андан кийин текшеришет. Бул катализаторлордун баасы 4,8 миң сомдон 6,9 миң сомго чейин болору маалымдалган. Бишкектеги абанын булганышынын негизги булактары — жеке сектор жана эски унаалар, алар жалпы булганыш булактарынын 30% түзөт. Ал эми эксплуатация мөөнөтү 15 жылдан ашкан 333 801 унаа катталган.