Кыргызстанда 5-февралдан тарта оң рулдуу машиналар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынары тууралуу маалымат тарады. Мындай билдирүүнү “Яндекстин” айдоочулары соцтармакка чыгарган.
Бирок өлкөдөгү таксопарктардын басымдуу бөлүгүн оң рулдуу унаалар түзөт. Ошондуктан, бул жаңылык кыргызстандыктар арасында кызуу талкуу жаратты.
Билдирүүдө оң рулдуу унаалар жеткирүү кызматында гана иштесе болору айтылат. Ал эми таксист болуу үчүн сол рулдуу машина алуу сунушталган.
Эске салсак, буга чейин парламент такси катары оң рулдууларды айдоого тыюу салган мыйзамды колдоп берген. Дастан Бекешев ага президент кол койсо, мыйзам алты айдан кийин күчүнө кирип каларын айткан.