Пятница, 31 января, 2025
-4.9 C
Бишкек

Эл өкүлү ЖК жыйынында кыргыз тил маселесин көтөрдү

Кечээ, 28-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев кыргыз тилин үйрөтүүнү алгач бала бакчадан баштоо керектигин билдирди.

“Үй-бүлөдөн башташ керек экен. Менин алты балам бар. Мисалы, өзүм азыр балдарга кыргыз тилин үйрөтө албайм жатам. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бала бакчадан баштоо зарыл. Бала бакчаларда бир эле учурда көп тилди катар үйрөтсө болот», — деген Айдаралиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасына «Кыргыз бакчаларын көбөйтсөк болобу?» деп суроо салды.

2024-жылдын аягында Бишкек шаарындагы бала бакчаларды жабдыктар менен жабдуу үчүн 1 миллион сом бөлүнгөнүн айткан Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы Мелис Мураталиев: «Бала бакчаларга Этно STEM долбоорунун алкагында 15 бала бакчага жабдыктарды тапшырдык. Анда чүкө, боз үй сыяктуу оюнчуктар менен балдардын дүйнө таанымын калыптандырууга көмөкчү болот. Албетте бала бакчадан башташыбыз керек», — деди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар