whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
18.8 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Кытай 1,1 млрд. долларлык жети документке кол койду

Кыргызстан менен Кытай 1,1 млрд. долларлык жети документке кол койду

Бишкекте Кыргызстан жана Кытай ишкерлеринин “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форуму өттү.

Ишкерлердин форумуна суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз катышты.

Анда сөз сүйлөшкөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен СУАРдын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн бизнесмендерге ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып баруу дайым улантылаарын билдиришти.

Белгилей кетсек, форумга Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр кытайлык 50дөн ашуун ири компания катышты. Ошондой эле, айыл чарба, медицина, билим берүү, санариптик өнүктүрүү, өнөр жай, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барган 50гө жакын жергиликтүү компаниялар болду.

“Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форумунун жыйынтыгында энергетика жана тоо-кен тармактарында 1 млрд 151 млн доллар суммасындагы 7 документке кол коюлду.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар