Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВтка чейинки чакан ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.
Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, келишим «Чакан ГЭС» ААКсы менен «Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому» ЖЧК ортосунда түзүлдү. Инвестициялык долбоордун көлөмү 27 млн. доллар.