Кыргыз калемгерлеринин арасынан экөө: жазуучу жана сынчы Дайырбек Казакбаев менен акын жана сынчы Асылбек Медетбеков — философия илимдеринин кандидаттары. Дайырбек Казакбаев алгач КМУнун филология факультетинен билим алып, анан Москвадагы Адабият институтунан окуган. Андан соң М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуп, 1975-жылы философия илими боюнча кандидаттыгын жактаган. Асылбек Медетбеков да оболу КМУнун филология факультетин аяктаган соң, Кыргыз ССРинин ИАсынын Философия жана укук институтунун аспирантурасында окуган. 1971-жылы философия илимдеринен кандидаттыгын жактаган.
Философия – дүйнө тааным менен байланышкан ары сырдуу, ары табышмактуу илим эмеспи. Анын сырдуулугу да, табышмактуулугу да ушунда, В.И.Ленин айтмакчы, канчалык билген сайын, билбегениң ошончолук арбый берет. Түбүнө, тереңине жетпейсиң. Андыктан, дүйнө таануунун сырларын үйрөнүп, ага сүңгүп кирүүгө баары эле даабайт жана ар кимдин эле колунан келе бербейт.
Д.Казакбаев менен А.Медетбеков жазуучулук, акындык, сынчылык өнөргө философия, дүйнө таануу илими аркылуу келгендиктен, мектепте окуп жүргөндөн баштап мен да алардын чыгармаларынан алда нени издеп мамиле кылганым, алардын чыгармаларын окуурда өзгөчө астейдил мамиле жасап, ар бир сөздүн, ар бир саптын арасына ой катылып жаткандай, түшүнбөй калбайын деп мамиле жасаганым эсимде.
Анан калса жазуучу жана сынчы Дайырбек Казакбаевдин тырмак алды чыгармаларынын бири, 1968-жылы “Ала-Тоо” журналынын №3 санына жарыяланган «Бир болгон окуя» аңгемеси Кыргызстан КП БКнын Бюросу тарабынан идеялык жагынан сынга алынып, чыгарманын автору кодулоого туш болгонунан кабарым бар. Эгер ошол мезгилде анын бир тууганы, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевдин жазуучулар чөйрөсүндө кабелтең кадыр-баркы, партиялык чөйрөдө кадыр салаар тааныш-билиши болбогондо, жазуучулук тагдыры кандай болмок, бир Кудай өзү билет. Бир тууган инисин ал мезгилдин темир чынжырынан алып калуу аракетин кылган Шүкүрбек Бейшеналиев аны көндүрүп комсомолдук ишке, партиялык кызматка жармаштырган дешет. Бирок, философ иниси анысына макул болгон менен дилинин тереңинде өз позициясында кала берген экен.
Кийин 2000-жылдары Д.Казакбаев ал чыгармасын “Өрттөнгөн өмүр” деген ат менен кайрадан иштеп чыгып, “Автордон” деген алгы сөз жазып, ал чыгармасы кандайча капсалаң доордун каардуу камчысына кабылганы тууралуу түшүндүрмө берип, “Бир болгон окуянын” жарыяланышына колдоо көрсөтүшкөн Т.Абдымомунов, М.Абдраев, Ж.Абдыкадыров, М.Жангазиев, Б.Керимжанова, Ш.Садыбакасов, С. Шимеев, К.Саякбаев, Т.Касымбеков, М.Баялинов, Ж.Садыков, Т.Үмөталиевге ыраазылыгын айтып, алардын айрымдары аны колдоп-сүрөгөнү үчүн өздөрү да жабыр тартканын эскерип, алардан кечирим сураганы эсибизде. Филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева “Чындыкты жасалмасыз сүрөттөгөн” аттуу макаласында буга кеңири токтогон.
“Бир болгон окуянын” сюжети жөнөкөй эле. Подтексттер, каймана ойлор, катылган табышмак деле жок. Сыягы, автор Москвада Адабият институтунда окуп жүргөндө башынан өткөн же уккан-билген окуянын негизинде жазылган окшойт. Анан аңгеменин кай жеринен саясий ката таап, анын авторун эмне үчүн күнөөлөшкөнү да түшүнүксүз?
Жазуучу Муса Мураталиев мындай эскерет: “Дайырбек Казакбаев менен Маскөөдө 1965-жылы сентябрь айында жолуктум. Адабий институтту бүтүрүп, ээлигип турган учуру экен. Добролюбов көчөсүндө жатакана бар.
Ар кыл улуттан студенттер деле бар экен, аны кийин билдим. Айрыкча африкалык эки студент сөөк-саактуу, тамашакөй жигиттер эле. Дайырбек менен курсташ эле, аларды качырып барып тамашалаша кетип калчу. Биринин аты – Жон Океу эле. Дал ошол курсташы Жок Океу кейпи Дайырбектин студенттик кезде жазган повести «Өрттөнгөн өмүрдүн» баш каарманын жаратууга түрткү болгон. «Ала Тоо» журналына басылган.
Жон Океу кейипкер болгонун биз жогорку курстагы студенттерден угуп жүрдүк. Аңгыча эле Дайырбектин чыгармасында идеялык мүчүлүш табылып, аны «тепкиге» алуу башталды. Дараметтүү каламгер эле дешип Институт профессорлору, студенттер «Өрттөнгөн өмүр» авторун мактап жүрүштү.
Бизге жеткен аңыртта повесттин баш каарманы Карл Маркстын түспөлүн эске салып калган. Ал каарман оозунан чыккан кеби советтик түзүлүшкө тетири айгак болгон. Биз болсо чыгармага кейипкер болгон Жон Океуну дагы бир жылча жатаканада жолуктуруп жүрдүк.
Ал аспирантурага өтүп Маскөөдө калган. Аны бир курдай орус улутчул ага-ини студенттер токмоктошкон. Жон моюн бербей, карылуулук кылган.
Анда ага-ини (ысымдарын атагым келбейт – М.М.) Жонду атабыз деп кош ооз мынтык ала чуркашат. Араң дегенде мушташты бас-бас кылышат. Жон Океу бир жылдан соң Лондондогу окуу жайына которулуп кеткен.
Дайырбек Казакбаев башка заман болгондо кыргыздын баканай жазуучусу болуп чыга келмек. Горький атындагы адабий институту менен Маскөөдөгү мамлекеттик университеттен билим алган, чү деген жерден бүтүндөй советтик системага шек келтирген чыгарма жазган дымагы күч жигит эле. Ал кездеги бийликти жалт караткан дарамети менен эл сыймыктанар кулун болуу мүдөөсү бар жан болчу.
Бирок кыргызстандык коммунисттик режим ээлери Кремлдин айкырыгын укпайлы дешип, Дайырбекти биринчи повести чыгаары менен тепкиге алдырткан.
А кезде тепки жеш – жаман жышан болчу. Бардык ырыс-кешиктен айрылуу дегенди билдирчү. Мына ошол ырыскыдан Дайырбек каңтарылган”.
Чындыгында эле, “Бир болгон окуядагы” окуя студенттик жатаканада болот. Улуту орус Эрнест чогуу жашаган курсташы ганалык Джон Икс менен кайсы бир саясий маселе боюнча талаша кетишет. Сөз арасында Джондун оозунан «буржуймун» деген сөз чыгып кетет. Эрнест тамаша-чындаппы же чындап эле ачуусу келиппи, “буржуйдун атасын таанытып коеюн” деген ниеттен уламбы, же кантер экен деп сынаппы, айтор жаман деле ою жок Джонду атасынан калган мылтык менен атып жиберсе, ок терезеге тиет. Эрнесттин Джонду өлтүрүү үчүн эмес, сестентип коюу үчүн мылтык менен аткан түнкү окуя өрттөй дуулдайт. Тагыраагы, өрттөй деле дуулдабайт, бирин-эки студенттер Джон чет элдик студент экенин, эгер Эрнест аны мылтык менен атып ийгенин өз элчисине айтса, чоң чыр чыгарын айтышып, окуяны ырбатып, андан саясий ката таап ийишет. Джон болсо аны кадыресе теңтуштар ортосундагы тамаша катары кабыл алат. “Буржуй” экени жалган бекен?
Арийне, кечээ эле катар басып, сырларын айтып жүргөн студент досторунун көбүртүп-жабырткан фантазиясынан улам Эрнест окуудан чыгарылат, тагдырына балта чабылат. Чыгармада Эрнесттин тагдырына кандай балта чабылса, турмушта да Д.Казакбаевдин “Бир болгон окуясына” дал ошондой балта чабылып, ошол мезгилдеги айрым сагызгандан сак парткызматкерлердин ишаратынан улам, анын автору чыгармасын ар бир жолу заарканып эстеген окуяга айланган.
Чындыгында, жогоруда айтылгандай, чыгармада андай деле саясий өң-түс бере тургандай мотив жок. Ошондон улам, философ-жазуучу Дайырбек Казакбаев: “Көрсө, кээ бир көркөм чыгарманын табыгый-тарыхый тагдыры ушундай болот турбайбы” – деп бүтүм чыгарып, жазмышка баш ийип кала берген.
Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаев жазуучу-философ Дайырбек Казакбаевдин “табият-тагдырдан буйрулган өмүрүндө жазуучулук ишмердиги менен сүрөткерлик-сынчылыкты, илимпоздук менен педагогдукту жана коомдук ишмердикти айкалыштырып, чарчадым-чаалыктым дебей, ыкласы эмнеге түшсө ошого бүткүл дил-жигери менен берилип иштеген инсан” болгонун айта келип: “Ал кыргыз адабиятынын аренасына 1960-70-жылдардын ичинде, ал кездеги жаш калемгерлер өз заманынын романтикасын, эстетикасын изилдеп жана жаңылап, өздөрүнүн көркөм чындыктарын жүзөгө ашырууга поэзияда да, прозада да күрдөөлдүү дем-дымак менен изденип, аракеттенип, өз шоокум-шоораттарын айрым жарык көргөн чыгармалары менен сездире башташкан Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Кеңеш Жусупов, Төлөндү Ахметов менен бир катарда келди.
Булар прозадагы оң каарман, терс каарман маселесине, турмушту социалисттик реализм методологиясында чагылдыруу дегенге башкача өңүттөн карап, сынчыл мамиледе болушту.
Идеологиялык цензура кысымга алган доордо жашагандыгына карабастан жазуучу интеллектиси бийик окурмандардын моокумун кандырып, таңдандырган “Айдың көлдүн ак куусу”, “Талаа ырдайт”, “Түрмөдөн чыккан жигит”, Таазим”, “Мүдөө”, “Улар үнү”, “Эки тоом жол”, “Бир болгон окуя”, “Чак түштөгү азгырык”, “Жүрөк сезими”, “Жышаан”, “Толгоо алдында”, “100 жаштан 100 нуска”, “Доктордун ууланышы”, “Эки дос”, “Эне менен бала”, “Жашоо кайрыктары”, “Жылдыз өчпөйт”, “Санаа түш” сыяктуу оригиналдуулугу менен өзгөчөлөнгөн аңгеме-повесттери өз мезгилинде басма сөз беттеринде адабиятчы-сынчылардын оң бааларына арзыган. Айрыкча “Айдың көлдүн ак куусу” повестин философ жана эстетик-сынчы Асылбек Медетбеков Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” повести менен тең катар коюп, сюжеттик түзүлүшү, каармандарынын мүнөздөрүнүн ачылышы жагынан “Эрте жаздагы турналардан” ашса ашып, дегеле кем түшпөсүн таасын далилдеп көрсөткөн” – деп анын чыгармачылыгына жогору баа бергени бар.
Чындыгында эле ал “чындыкты жасалмасыз сүрөттөгөнү” менен айырмаланган жазуучу эле. Жубайы Ырысбүбү Бөлөкбаева эскергендей, ал көп жылдар бою “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенүү менен, гезиттин “мотору”, “кыймылдаткыч күчү” болгон. Жолон Мамытов баштаган кыргыздын далай таасын таланттарынын талантынын ачылышына түрткү болгон. Улуттук адабияттын өсүп-өнүгүшүнө, анын ичинде адабий сындын жанданышына, жаш таланттардын тушоосу кесилишине, окурмандардын руханий жактан жетилишине зор салымын кошкон. Кийин И.Арабаев атындагы КМУда лекция окуп, калемин колунан түшүрбөй, жазуучулук-котормочулук, илимий жана философиялык нускалуу эсселер менен катар, тарыхый илимий эмгектерди жазды.
Анын эмгектери, жазуучулук таланты өз учурунда татыктуу баасын алган жок. Бирок, ал көжөлүп иштеп, көшөрө эмгектенип, мыкты эмгектерди калтырып кеткени менен кийинкилерге өрнөк.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”