whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
16.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүА.Жапаровдун Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушуулары уланууда

А.Жапаровдун Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушуулары уланууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилиги менен болгон жолугушуулары уланууда, деп билдирет Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы.

Акылбек Жапаровдун Вашингтонго (АКШ) болгон сапарынын программасына ылайык, бүгүн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун Жазгы жыйындарынын алкагында Дүйнөлүк банктын Экономика жана финансы боюнча аймактык директору Асад Алам, ошондой эле Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү боюнча вице-президенти Мамта Мерти менен жолугушуулары өттү.

Дүйнөлүк банктын Экономика жана финансы боюнча аймактык директору Асад Алам менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы өлкөлүк экономикалык меморандумунун долбоорун жана өнөктөштүктүн алкактык стратегиясын талкуулоо маселеси болсо, ал эми Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти менен МинКаб Төрагасы социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Самех Вахбанын жолугушуусу болуп, анда сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы айыл жана суу чарба чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү маселеси болду.

Тараптар дүйнө жүзү боюнча климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктардын контекстинде бул маселелерди талкуулоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүгүн иш жүзүндө бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди, атап айтканда, тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун алкагында кызматташуунун финансылык моделин иштеп чыгууну макулдашты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар