Аликбек Жекшенкулов: «Бизге бүгүн сөз эмес, жолдор, көпүрөлөр жана жумушчу орундар керек»

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору жана коомдук ишмер, дипломат Аликбек Жекшенкулов  менен Кыргызстандын тышкы саясаты жана дүйнөдөгү глобалдык өзгөрүүлөр тууралуу маектештик. А. Жекшенкулов АКШ, Россия, Кытай жана башка мамлекеттер менен байланыш, эл аралык уюмдардагы активдүүлүк, инвестиция жана глобалдык маалымат агымы сыяктуу актуалдуу темалар боюнча пикирлери менен бөлүштү.

Аликбек мырза, Президент Садыр Жапаровдун АКШга болгон сапарын Кыргызстандын тышкы саясатындагы жаңы барак катары кароого
болобу?

– Ооба, акыркы жарым жылдыктагы чоң саммиттерди эске алсак, Президенттин катышуусу жана билдирген позиция-сы Кыргызстандын тышкы саясатында жаңы динамика түзүп жатат. Жалпы жонунан айтканда, менин жеке оюмча бүгүнкү күндө туура багыт алып, тышкы саясат жакшы жүрүп жатат. Анткени, эң биринчи прагматикалык, негизинен улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясат өтүп жатат. Прагматизм деген – саясаттын, экономиканын, коопсуздуктун, билим берүүнүн, маданияттын жана элдин турмушуна түз таасир бере турган конкреттүү практикалык багыттарды тандап алуу. Чет мамлекеттерге болгон сапарларда келишимдерге кол коюлуп, инвестициялар тартылып, жолдор, көпүрөлөр, социалдык инфраструктуралар курулуп жатат. Бул – натыйжа бар экенин көрсөтөт. Ошондуктан, азыркы тышкы саясат өзүнүн логикасы жана мазмуну боюнча туура багытта деп эсептейм.

– АКШ менен мамиленин жанданышы Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бере алабы?

– Ар бир нерсенин өзүнүн жакшы жана кыйынчылык жактары бар. Эгер жакшы жактарын карасак, бүгүнкү күндө эч ким тана албайт, АКШ технологиялык жактан өнүккөн, билим берүү системасы жолго коюлган абдан бай мамлекет. Ошондуктан Президент сүйлөгөн сөзүндө өзүнүн жана мамлекеттин позициясын ачык
көрсөттү.

С.Жапаров сөзүндө гидроэнергетика, транспорт, жаңы технология, жасалма интеллект, жашыл экономика, билим берүү жана башка маанилүү маселелерди айтты. Мага өзгөчө жакканы – “Бизге бүгүн сөз эмес, жолдор, көпүрөлөр жана жумушчу орундар керек” деген сөзү болду. Бул коомчулукта жаңыча, өзгөчө таасир калтырган болуш керек. Себеби мурунку президенттер АКШнын лидерлери менен жолугушканда, улуттун кызыкчылыгын ачык жана коркпостон айта алышкан
эмес.

Экинчи жагынан, кыйынчылыктар да бар. АКШ менен Россия, Кытай дүйнө жүзүндө ар түрдүү кызыкчылыктар үчүн тирешүүдө. Америка бир полярдуу мамлекет катары мурункудай эле дүйнөнү башкара алабыз, саясатта жана экономиканы башкарып, эл аралык маселелер боюнча өз саясатын таануу керек деген көз карашта турат. Бирок Россия менен Кытай бир полярдуу дүйнөнү түзө албайт, бүгүнкү күндө көп полярдуу дүйнө болушу зарыл.

Батыш илимпоздору жана саясатчылары көп нерсени түшүнбөй жатышат. Дүйнө өзгөрдү, адамзат өзгөрдү. Маалыматтык прогресс күч алды. Азыр айыл-да туруп эле Америкада, Африкада, Австралияда же алыскы Японияда эмне болуп жатканын саат сайын, керек болсо мүнөт сайын билүүгө болот. Маалыматтык өзгөрүүлөрдөн улам бай жана күчтүү мамлекеттер пайда болду. Мисалы, Кытай өз күчү жана ресурстары менен таасир көрсөтүүдө. Россия дагы өзүнүн күчү жана ресурстарын колдонуу-
да. Индияда да чоң ылдамдык менен өнүгүү жүрүп, жаңы технология жана жасалма интеллект жаатында көп ийгиликтер жаралууда.

Ошондуктан саммит учурунда Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев дүйнөлүк деңгээлдеги дипломат катары: “Борбордук Азия + АКШ саммитиндеги жолугушуулар кайсы бир мамлекетке каршы пайдаланылбашы керек” деген маанилүү билдирүү жасады. Бул сөз абдан чоң мааниге ээ – башкача айтканда, региондогу ортобузду бузбоо керек деген билдирүү.

Менин оюмча, жолугушуу ийгиликтүү болду. Улуттун кызыкчылыгын көздөгөн ачык жана айкын сөздөр айтылды. 2023-жылы Байден менен жолукканда жалпы маанай башкача болсо, бул жолугушууда кызматташууга даярдык, бири-бирибизди түшүнүүгө жана жардам берүүгө даярдык билдирилди. Эгерде бул жолугушуудан чыккан сөздөр иш жүзүндө ишке ашса, анда АКШ менен мамиле Кыргызстанга чындыгында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

–  Вашингтондо өткөн C5+1 саммитине кандай баа бересиз? C5+1 форматындагы кызматташтыктан Кыргызстан реал-дуу кандай пайда көрө алат? Негизи бул формат туруктуу өнөктөштүккө айланышы мүмкүнбү же жөн гана символикалык жолугушуу бойдон калабы?

– Бардыгын убакыт көрсөтөт. 30 жылдык дипломатиялык тажрыйбадан улам бир нерсени айта алам: ири мамлекеттер көп убада берет, бирок баары эле ишке ашпайт. Ошондуктан, баарына эле ишене бербешибиз керек. АКШ прагматикалык өлкө – эң оболу өзү үчүн пайда издейт. Мисалы, Казакстан урандын 40 пайызын өндүрөт, сейрек кездешүүчү металлдар боюнча да бай. Бул АКШ үчүн стратегия-лык сырьё. Ошондуктан алардын ошол өлкөлөргө кызыгуусу түшүнүктүү. Андан сырткары, бир нерсени эсепке алуу керек. Россиянын каражаттары АКШ жана Европа өлкөлөрүнө салынган инвестициялары 2014-жылдан бери санкцияга кабылып келүүдө. Адам укуктарына таянып, эгер 3-4 жылдан кийин бийлик алмашып, демократтар келсе, ошол акча эмне болот? Ошондуктан бул жерде тереңирээк ойлонушубуз керек. Биз бул жакта акчаны күтүп жатабыз, алар болсо акча сурап жатышат.

Бизге келгенде Трамп саясат боюнча басымдуулук кылып сүйлөп койбодубу. Ошол себептен мен бир аз ойлонуп калдым. Кыскасы, баарын убакыт көрсөтөт. Саясат болобу, экономика болобу, маданият болобу, күтүлгөн иштер ишке ашса албетте жакшы. Бирок, биз Америкага курал болбошубуз керек. Кыргызстан эч кимдин геосаясий инструментине айланбашы керек. Башка мамлекеттер менен болгон карама-каршы тирешүүнү пайдалангандай көрүнбөшү зарыл. Ошентсе да, эгер C5+1 саммитинде айтылган сөздөр конкреттүү долбоорлорго айланса, анда пайда чоң болот.

– Кыргызстан АКШ менен мамилесин арттырып  жатып, ошол эле учурда Россия, Кытай менен тең салмакты кантип сактай алат?

– Бул жерде “тең салмак” деген сөздү колдонуу өзү туура эмес. Себеби, Россия менен экономикалык байланыштарыбыз АКШга салыштырмалуу алда канча терең. Кытай – ири соода өнөктөшүбүз жана инфраструктуралык долбоорлордун башкы инвестору. АКШнын Кыргызстандагы материалдык изи салыштырмалуу аз.

Президент Садыр Жапаров туура позицияны айтты: Кыргызстан бардык мамлекеттер менен ачык, бирок сөз эмес, иш жүзүндөгү кызматташтыкты күтөт. Мамлекеттердин кызыкчылыктары ар түрдүү, бирок Кыргызстан өзүнүн коопсуздугун жана улуттук кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу
керек.

5-ноябрда АКШда шайлоо өттү. Шайлоодо 13 округда Трамптын Республикалык партиясы уттуруп жиберди. Андан тышкары, Нью-Йорктун мэрин шайлоо да болду. Ал жерде мусулман келип, Трамптын оппоненти болуп чыкты. Верджиние штатында дагы демократтар
утуп алды.

Бул эмнени көрсөтөт? Бул ички сая-сатта маселелер көп экенин айтып турат. Илимде ички саясат менен тышкы саясат бири-бирине байланыштуу деп айтылат. Эгер ички саясат начарласа, тышкы саясатка кыйынчылыктарды жаратат. Тышкы саясатта ийгиликтер болсо, ички саясатта да жакшы көрүнүштөр пайда болот. Ошол себептен, бул жерде биздей мамлекеттерге кээде АКШнын чамасы жетпей калышы мүмкүн. Анткени, ички маселелер көп болушу ыктымал. Бирок Казакстан, Өзбекстанга окшогон чоң пайда көрө турган мамлекеттерге көбүрөөк көңүл
бурат.

– Борбор Азия мамлекет башчыларынын АКШ сапарын Орусия жана Кытай кандай кабыл алды деп ойлойсуз?

– Орусия менен Кытай абдан кылдаттык менен баарын талдап турду. Алар ким кандай сөз сүйлөгөнүн, ким кантип позиция алганын баамдап көрүштү. Бирок, чоң маселе жаралган жок, анткени ар бир президент өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын ачык жана айкын көрсөттү. Бирок, жалпы мамлекеттердин позициясы тилекке каршы бирдей болгон жок. Өзбекстандын президенти ачык эле: «Биз ушундай бир позицияда болушубуз керек, ар бирибиз өз мамлекетибизди башкача карабай, бөлүнбөй иштешибиз керек» – деп айтты. Менин айткандарымды Ш.Мирзиёев да далилдеп жатат.

Ошол эле кезде ар бир мамлекет инвестиция маселесин, транспорт, жол маселелерин, энергетика жана башка маселелерди дагы көтөрдү. Анткени, бардык мамлекеттерде ушул маселелер окшош. Албетте, ар кайсы деңгээлдеги көрсөткүчтөр бар, бирок маселелер негизинен бирдей. Бардык өлкөлөрдүн көйгөйлөрү окшош болгону менен, ар бири өз жолу менен чечүүнү
каалады.

– Вашингтондо өткөн саммитте экономикалык маселелерге басым жасалды, экология жана климат символикалык деңгээлде калды. Сиз эмне дейсиз?

– Экология маселеси маанилүү, бирок бүгүнкү күндө Борбор Азияда биринчи кезекте суу маселеси өзөктүү. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан президенти жашыл экономика, экология боюнча сөз сүйлөштү. Бирок АКШ муну көп көңүл бура турган тема катары караган жок.

Суу маселеси регион үчүн стратегиялык мааниге ээ: Кыргызстан жана Тажикстан булактын жанында, ал эми Өзбекстан менен Казакстан – сууну колдонгон өлкөлөр. Таластан, Токтогулдан келген суунун көлөмү жыл сайын өзгөрөт. Албетте, бул маселелерди чече турган биргелешкен саясат жана ишке ашырылган практикалык кадамдар керек. Биз бири-бирибизге пайдалуу ийгиликтерди жарата тургандай жана алдыга жылдырууга шарт түзгөн сөздөр айтылып жатат, бирок практикалык кадамдар дагы деле көрүлбөй жатат.

– Кыргызстан климаттык жана экологиялык маселелерди чечүүдө кайсы багыттарга артыкчылык бериши керек?

– Бул көйгөйдү Кыргызстандын өзү жалгыз чече албайт – эл аралык коомчулук менен биргелешип, чоң мамлекеттерден колдоо алыш керек.

Мындан тышкары экологиянын региондук аспектин эске алуу зарыл. Эгер бир өлкөдө экологиялык көйгөй башталса, ал башка мамлекеттерге да таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан, бул маселени биргелешип чечүү – келечектеги коопсуздукту камсыз кылуунун шарты. Биз бири-бирибизге көз карандыбыз. Ошондуктан, бул маселени биргелешип чечишибиз керек. Садыр Жапаров БУУдагы сөзүндө да, Кытайдагы сөзүндө да бул маселени көтөрдү. Эл аралык коомчулук ушул маселеге катуу көңүл бурушу керек. Жөн эле көңүл буруп койбостон, конкреттүү иш-чараларды көрүшү
зарыл.

– Көп векторлуулук – Кыргызстандын тышкы саясатынын салттуу негиздеринин бири. Ири державалардын атаандаштыгы күчөп жаткан шартта  “көп векторлуу саясат” жүргүзүү канчалык реалдуу? Кыргызстан тышкы саясатта кайсы тармактарда өз алдынча аракеттенип, кайсы учурларда ири өнөктөштөрдүн кызыкчылыгын эске алууга туура келет?

– Эң негизгиси – коопсуздук. Бул багытта бардык факторлорду кылдаттык менен эсептеп, бардык өнөктөштөр менен ачык жана тең салмактуу мамиле түзүү керек. Кыргызстан эгемен мамлекет катары өзүнүн тышкы саясат багытын аныктады. ОДКБ, ШОС, ОБСЕ, БУУ сыяктуу уюмдарга мүчө болуп тажрыйба топтоду. Албетте, буга чейин кыйын мезгилдер болгон. Тажрыйбабыз жок, саясатыбызды аныктай албай, адистер жетишпеген учурларды баштан өткөрдүк. Азыр болсо бир нукка түштүк. Тышкы иштер министрлиги жакшы иштеп жатат, дипломаттар көп.

Азыр кимдин кандай дарамети бар экенин билишет, биз да билебиз. Ошол себептен, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн коопсуздук эң негизги максат болгон мамлекет катары аракет кылабыз. Эгер бул максатты астыга жылдырсак, баары эсептешет.

Коопсуздукка келгенде, тилекке каршы, биздин тарыхыбызда кээ бир президенттер ойлогон иштерибизге кыйынчылыктар жаралган учурлар болгон. Бул тууралуу баарыбыз билебиз. Ошондуктан, кайсы мамлекет болбосун, буйтабай жана ойлонбой, ачык-айкын айтканыбыз абзел. Мисалы: “Биздин позициябыз мындай, себеби мындай, факт мындай. Силер эмнени сунуштайсыңар? Бирок сунуштаган долбоорлор мурунку кеткен кемчиликтерге каршы болбосун, бизге коопсуздукка залакасын тийгизбесин” – деген ачык сөз болушу керек.

Мен мисалы, ОБСЕде төрт жыл иштедим. Ал жерде будамайлап, куйтуланып, өзүнчө саясат жүргүзгөн мамлекеттер көп сынга алынган жана кыйынчылыктарга учураган учурлар болгон. Бүгүнкү күндө туура саясатты Президент барган жеринде ачык-айкын айтып жатат.

– Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын
80-юбилейлик сессиясында дүйнөлүк тартип боюн-ча абдан актуалдуу маселелерге көңүл бөлдү. Кыргызстан БУУ Коопсуздук Кеңешине 2026-2027-жылдары мүчө болууга ниетин билдирди. Мүчөлүк Кыргызстанга кандай утуш берет?

– Эки жылдык мүчөлүк Кыргызстан үчүн чоң трибуна болот. Кыргызстандын жана Борбор Азиянын маселелерин эл аралык деңгээлде козгоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буюрса, ийгилик болот деп ишенем. Анткени, БУУда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын же Борбор Азиядагы маселелерди гана эмес, дүйнөлүк, глобалдык көйгөйлөрдү да көтөрдү. Мисалы, чакан жана жакыр мамлекеттердин маселелерин да карады, ошол эле Афганистан жана Африка мамлекеттери боюнча.

Буюрса, биз БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болобуз. Экинчи жагынан, бул убактылуу мүчөлүк деп айтылат – эки жылга шайланат.

Эки жылдын ичинде дүйнө жүзүндө ар бир маселе боюнча Кыргызстандын үнү толук кандуу чыгып, пикирин билдирип, кыргыз элинин рухун, саясатын көрсөтүп, кыргыз элин толук даңазалоого чоң шарт түзүлөт. Шарт түзүлгөндөн кийин,
чакан мамлекет болсок да дүйнөлүк саясатта таасир кыла алабыз. Эгер таасир көбөйсө, биз менен эсептешкен мамлекеттер көбөйөт. Эки тараптуу болобу, көп тараптуу болобу, кызматташууга кызыкдар мамлекеттер көбөйөт. Алар көбөйсө, албетте, инвестициялар да келет. Бизге туристтер көп келе баштайт, каражаттар келет. Айтор, чоң жол ачылат.

– Аликбек мырза, бул менин соңку суроом болсун. Сиздин оюңузча, бүгүнкү шартта Кыргызстандын заманбап дипломатиялык стратегиясы кандай болушу керек? Өлкө тышкы саясатта ийкемдүүлүгүн сактап, ошол эле учурда эл аралык аренада өз позициясын кантип бекемдей алат?

– Эң негизгиси – прагматикалык же улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзсөк, бизге кайсы мамлекет болбосун сый артат. Анткени, биз байыркы эл болгонубуз үчүн көп элдер билсе да, биздин мүнөзүбүздү, философиябызды жана бүгүнкү көз карашыбызды көп билишпейт. Ошону билиши үчүн жалпы дүйнөгө Манасты, мисалы, таратып жатабыз. Бирок Манас – бул дүйнөлүк байлык, жалгыз кыргыздардыкы эмес. Анткени, Манастын осуятында бүгүнкү абалга жардам бере турган көп акыл, ой, пикир жана сөз бар.

Биринчи кезекте кыргыз элибиздин тарыхын, каада-салтыбызды жана философиясын дүйнө жүзүнө таратканга аракет кылышыбыз керек. Экинчи жагынан, жаңы технологияларды пайдалануу зарыл. Мисалы, эл аралык жаңылыктар боюнча кыргыз тилинде маалыматтар аз. Буга, албетте, каражат керек, күчтүү компьютерлер керек жана жасалма интеллектти пайдалануу зарыл.

Негизинен багыт туура. Эгерде идеологияны камтыган, дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы технологияларды колдонгон, кыргыз элинин маданиятын көрсөтүп, эң негизгиси улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзсөк, баары жакшы болот деп ишенем.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу ”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз