Президент Садыр Жапаров “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Саламат жүрөк улуттук программасы жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Документ Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтууга багытталган мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү кадам болуп эсептелет.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жүрөк-кан тамыр оорулары калктын өлүмүнүн негизги себеби бойдон калууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2023-жылы өлүмдүн 52,3%ы дал ушул ооруларга туура келген.
“Саламат жүрөк” улуттук программасы төмөнкү максаттарды көздөйт:
-
жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана башка жугуштуу эмес оорулардан мезгилсиз өлүмдү 25%га кыскартуу;
-
оорулардын социалдык-экономикалык жүгүн жеңилдетүү;
-
алдын алуу, эрте аныктоо, дарылоо жана реабилитациялоо боюнча интеграцияланган жана санариптик медициналык системаны түзүү.
Программа үй-бүлөлүк деңгээлдеги алдын алуудан тартып, улуттук борборлордо жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүүгө чейинки толук циклди камтыйт.
Президенттин администрациясы белгилегендей, калктын саламаттыгы — мамлекеттин эң жогорку артыкчылыктарынын бири жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн маанилүү көрсөткүчү. Жаңы программа өлкөнүн демографиялык өзгөрүүлөрүн, калктын улгайышын, жашоо образын жана саламаттыкты сактоо системасын трансформациялоонун зарылдыгын эске алуу менен иштелип чыккан.
Жарлыкка ылайык:
-
2025–2030-жылдарга “Саламат жүрөк” улуттук программасы жана анын иш-чаралар планы бекитилди.
-
Программаны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:
-
иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга милдеттүү;
-
ар бир жарым жылдык жыйынтыгы боюнча маалыматты кийинки айдын 10-на чейин Саламаттык сактоо министрлигине тапшырып турушу керек.
-
Жаңы программа жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтууга, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана саламаттык сактоо системасын модернизациялоого багытталган ири улуттук демилге болуп саналат.


