Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол курулушунун жүрүшүн талкуулашты

0
4775

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча үч өлкөнүн өкүлдөрү 22-ноябрда Жалал-Абадда жолугуп, иштердин жүрүшүн талкуулашты. Жолугушууга Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытайдын атайын өкүлдөрү катышты. Кыргызстан тараптан министр Абсаттар Сыргабаев долбоор белгиленген мөөнөттө бүтүрүлүшү керектигин белгилеп, курулушту тездетүү үчүн бардык шарттар түзүлөрүн айтты.

Учурда тоннелдерди казуу, убактылуу инфраструктураларды куруу жана уюштуруучулук иштер жүрүп жатат. Темир жолдун жалпы узундугу 480 км түзүп, анын 311 км ашыгы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Өлкө аймагында 18 станция, 81 көпүрө жана 41 тоннель курулат.

Долбоордун наркы 4,6 млрд долларды түзөт. Анын жарымын Кытай насыя катары берет, Кыргызстан болсо 11 млрд сомду уставдык капиталга бөлөт. Курулуш учурунда 20 миңден ашуун адам жумушка тартылат. Темир жол жүк жана жүргүнчү ташууда регион үчүн жаңы стратегиялык коридор болору белгиленүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз