Кыш – суук тийүү, анын айынан ар түрдүү вирустук инфекциялар күчөгөн учур. Ден соолукту сактоо үчүн диетологдор жылуу чайлар, табигый ширелер жана пайдалуу кошулмалар кошулган суусундуктарды сунуштайт. Бул суусундуктар организмди жылытат, иммунитетти жогорулатат жана энергия менен камсыз кылат дешет. А бирок, кыргыз айымдары байыртадан бери, суукта адамга жагымдуу жана дем берген азык-түлүктөрдү даярдап келишкен.
Сүт – уй жана эчки сүтү. Тамак ооруган учурда сүттү ысык беришкен. Сары май, бал кошуп бышырса дарылык касиети артат.
Уй сүтүндө белок, май, лактоза (сүт шекери), минералдар — кальций, фосфор, магний, калий, натрий, витаминдер — A, B2, B12, D, E бар. Уй сүтү сөөктөрдү жана тиштерди бекемдейт, булчуңдарды чыңдайт, иммунитетти бекемдейт, психикалык чарчоону азайтат, балдардын өсүшү үчүн өзгөчө маанилүү азык.
Эчкинин сүтү көп жагынан уй сүтүнө окшош, бирок түзүлүшү башкачараак. Курамында май, лактоза, минералдар — кальций, магний, калий, фосфор, витаминдер — A, B2, B6, B12, D бар, бирок уй сүтүнө караганда бир топко жеңил болот.
Эчки сүтү жеңил сиңет, аллергия аз кездешет, иммунитетти бекемдейт, тери ооруларына жакшы, кан басымды нормалдаштырууга жардам берет. Эчки сүтү курамы боюнча эненин сүтүнө жакыныраак, ошондуктан ымыркайларга айрым учурларда эчкинин сүтү берилет.
Айран – кышкысын эле эмес, бүт мезгил үчүн абдан пайдалуу жана ичүүгө ыңгайлуу улуттук тамак. Кышкысын ысык тамактарга кошуп, табитти ачуу үчүн да берилет. Айран — ачытылган сүт азыгы, пробиотиктерге бай жана организмге пайдалуу. Анын курамы: белок, май, лактоза, кальций, калий, магний, фосфор, витаминдер (A, B, D, E) жана пайдалуу бактериялар менен толукталган. Ашказан-ичеги системасын жакшыртат, ич катуунун алдын алат, иммунитетти күчөтөт, сөөктөрдү бекемдейт, кальций менен байытат, токсиндерди чыгарып, организмди тазалайт, күч кубат берет жана чарчоону азайтат. Айранды күнүмдүк рационго кошуу ден соолук үчүн абдан пайдалуу.
Бозо — буудай, арпа, жүгөрү сыяктуу дан эгиндеринен даярдалган салттуу ичимдик. Ал ачытылып, аз алкоголдук ичимдик катары, табигый азыктардан жасалат.
Курамында суу, углеводдор, белок, май, витаминдер (B, E), минералдар (кальций, калий, магний, фосфор) жана пайдалуу микробдор бар. Ашказан-ичеги системасын жакшыртат, иммунитетти күчөтөт. Энергия берет жана чарчоону азайтат, сөөктөр жана булчуң үчүн пайдалуу. Эл арасында аны аз кандуулукка каршы ичимдик катары да колдонушат. Кышкысын пайдалуу суусундук катары байыртан колдонулуп келет.
Кымыз — салттуу улуттук ичимдик. Кымыз жаз жана жай мезгилдери гана эмес, кышкысын да ичилет. Аны кышка атайын даярдап алышат. Кышында алсыз болуп турган организмге кымыз абдан пайдалуу. Бирок айырымдар үчүн оор келиши ыктымал.
Курамында белок, витаминдер (B, A, E), минералдар (калий, кальций, магний), пробиотиктер бар. Ашказан-ичеги системасын жакшыртат, сиңирүүнү жеңилдетет, иммунитетти көтөрөт, чарчоону азайтат, денени жылуу кармайт жана энергия берет.
Эзме курут — кургак жана узак сакталуучу улуттук азык. Курутту энелерибиз кышкыга даярдап, ысык сууга эзип туруп, сарымай кошуп беришкен. Эзме курут курсакты ток кармайт. ªзгөчө узак жолго чыкканда, оор жумуш кылаарда курутту эзип, боорсок, майлуу токоч же нан азыктары менен кошо беришкен.Курамындагы белок, кальций, фосфор, витаминдер (A, B), пробиотиктер адамдын организмине кышкысын жагымдуу болот.
Куруттун жасалма жолдоруна жараша бир нече түрлөрү бар
Атала курут – кадимки эзме курутка, аталаны өзүнчө жасап кошушат. Бул өзүнүн коюулугу жана тоюмдуулугу менен айырмаланат.
Чий курут – мында эзме курут тескерисинче суюгураак болот жана жеңил болот. Бул курут толук бышпаган, чийки сүттөн жасалгандыктан ушундай аталып калган.
Бакай курут – бул эң жакшы же эң мыктылап даярдалган куруттан жасалат. Сүттү жакшы бышырып, курутту да узакка сактап, анан гана жасалат. ªзгөчө улуу жаштагы, чоң кишилерге берилген. Анын үстүнө колунда бар, жашоо шарты жакшылар ичкендиктен “Бакай курут” аталып калса керек (так маалымат табылбай жатат).
Жогоруда айтылган куруттун түрлөрүнүн негизги айырмачылыгы куруттун даярдоо ыкмасы, сүттүн түрү жана кургатуу деңгээлине байланыштуу. Элибиз байыртадан саламаттыкка да жакшы көңүл бөлгөндүктөн, кышкысын өзүнчө ден соолукка жагымдуу болуучу азыктарды жана суусундуктарды жасашкан.
Чагыр – бул да кышкысын жасалуучу суусундук. Айран же эзилген сүзмөгө сарымай, пияз же сарымсакты майдалап, ачуу калемпирден кошуп, үстүнө кайнак суу куюп, нан туурап берилген. Бул абдан даамдуу жана сасык тумоо менен ооругандарга же шамалдап калгандарга дарылык касиети чоң.
Куурма чай — унду майга кууруп, ага сүт, суу жана коюу демделген чай кошуп даярдалган мүнөз тамак. Адегенде койдун сызгырылган куйрук же бөйрөк майына, ошондой эле сары майга унду (ун ордуна буудай талканды колдонсо да болот) күйгүзбөй, кызарта кууруйт. Адам санына жараша чайнекке чай салып, үстүнө кайнак суу куюп, демдейт. Демделген кезде чамасын сүзүп, чайга сүт же каймак кошуп, куурулган унду чалып, туз татытып, казанга же эмаль идишке кайнатат. Бир аз кайнаган соң, оттон чыгарып, таттуу (бал, кант, набат) салып аралаштырат. Куурма чай элдик медицинада кубаттандыруучу мүнөз тамак катары колдонулат.
Атала – жүгөрү унунан жасалган, ага айран же май кошуп ичилет. Кээде сары майга унду кызарта кууруп да жасашкан. Ошондой эле койдун майына буудай унун кууруп жасоо жолу да кеңири тараган. Кийин ага ысык сүт кошуп коюшкан. Ал иммунитетти жогорулаткан, айрыкча оорулуу адамдарга сунушталган. ªзгөчө тамак жана дем алуу органдары шамалдаган инсандарга ушул сүт кошулган атала берилип келет. Мындай суусундук жаш наристелерге да берилет.
Кыргыз эли алкоголдук ичимдиктерди ичишкен эмес, анын ордуна бозо, кымызды ичип келишкен. Бирок ар бир суусундуктары, жалпы эле азык-түлүктөрү жалаң табигый азыктардан болуп, ден соолукка да пайдалуу болгон. Ошол улуттук каада-салттарыбызды, бүгүнкү күнү да адатка айланта алсак ден соолукта болот элек.
Гүлмайрам Рахманбердиева,
“Кыргыз Туусу”


