Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги шейшемби күнү АКШны Федералдык байланыш комиссиясынын (FCC) чет өлкөдө өндүрүлгөн учкучсуз учуучу аппараттарды жана алардын негизги тетиктерин улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан байланыш технологияларынын тизмесине (Covered List) киргизүү чечимин баш тартууга чакырды.
Министрликтин расмий өкүлү билдиргендей, Кытай бул кадамга чечкиндүү түрдө каршы чыгып, АКШ тарапты тиешелүү чараларды дароо жокко чыгарууга үндөйт.
Дүйшөмбү күнү жаңыланган тизмеге АКШнын улуттук коопсуздугуна же америкалык жарандардын коопсуздугуна кабыл алынгыс коркунуч жаратат деп табылган байланыш жабдуулары жана кызматтар киргизилген.
Тизмени кеңейтүү FCC тарабынан чет өлкөдө чыгарылган жаңы үлгүдөгү дрондорго жана алардын негизги компоненттерине уруксат берүүнү мүмкүн эмес кылат. Бул өз кезегинде мындай продукцияны АКШга импорттоого жана сатууга иш жүзүндө тыюу салынганын билдирет.
КЭРдин Коммерция министрлигинин өкүлү акыркы жылдары АКШ тарап кытай жана америкалык компаниялар ортосундагы кадимки соода-экономикалык байланыштарды, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн чакырыктарын эске албай, «улуттук коопсуздук» түшүнүгүн ашкере кеңири чечмелеп, мамлекеттик бийликти чет өлкөлүк, анын ичинде кытайлык компанияларды басмырлоо үчүн колдонуп жатканын белгиледи.
«Мындай аракеттер рынок принциптерин одоно бузуу жана бир тараптуу басым көрсөтүүнүн типтүү мисалы болуп саналат», — деп баса белгиледи ал.
Ошондой эле ал АКШ бул туура эмес багытын уланта берсе, Кытай кытайлык ишканалардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүн кошумчалады.


