2026-жылы Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 1 113,4 МВт болгон 17 кичи гидроэлектр станциясы курулат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2027-жылы да энергетика тармагындагы иштер улантылып, жалпы кубаттуулугу 203,8 МВт болгон 19 жаңы ГЭС ишке берилет.
«Энергетика тармагындагы электр энергиясынын тартыштыгы убактылуу көрүнүш. Биз керектөө менен өндүрүштүн ортосундагы айырманы кыскартууга багытталган саясатты ырааттуу жүргүзүп жатабыз. 2025-жылдын 11 айында өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 112,6 МВтка көбөйдү», — деди ал.
Ошондой эле 2025-жылы жалпы кубаттуулугу 43,6 МВт болгон 7 чакан ГЭС пайдаланууга берилгени, жыл аягына чейин кубаттуулугу 5,4 МВт түзгөн дагы 2 чакан ГЭС ишке кирери маалымдалды.
Мындан тышкары, 2025-жылдагы маанилүү жетишкендиктердин бири катары энергетикалык компаниялар өз каражаттарынын эсебинен 141 даана атайын техника сатып алгандыгы белгиленди.


