Башкы прокурор Максат Асаналиев Балыкчы шаарынын прокуратурасынын жаңы административдик имаратын расмий түрдө ачты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маалымдады.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө башкы прокурор жаңы имарат прокуратура органдарынын ишин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга шарт түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, бул жарандар менен иш алып баруунун сапатын жогорулатып, укуктук кызмат көрсөтүүлөрдүн институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Ошондой эле прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштер мындан ары да ырааттуу улантылары айтылды. Бул чаралар укук коргоо системасынын жалпы натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.


