Коргоо министрлигинин спортчусу эл аралык мелдеште жеңишке жетти

0
2984

Кытайдын Лучжоу шаарында өткөн АММА салттуу спорттун жекеме-жеке урушуу боюнча эл аралык мелдешинде 77 кг салмак категориясында Кыргызстандын атынан чыккан Коргоо министрлигинин Аскер спорт клубунун улук спортчусу Сыймык Жаныбек уулу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, мелдешке 15 өлкөдөн 400дөн ашык спортчу катышкан.

Бул жеңишинин жыйынтыгында Сыймык Жаныбек уулу Япониянын Нагоя шаарында өтө турган жайкы Азия оюндарына жолдомо алды.

Маалымат үчүн, АММА салттуу спорттун жекеме-жеке урушуу түрү болуп, ал кол кармашып урушуу жана джиу-джитсу спортторунун азиялык аналогу болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган спорт түрү 2026-жылдын XX жайкы Азия оюндарынын расмий спорттук программасына киргизилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз