Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын энергетика министринин орун басары Мохаммед Абдульрахман Ибрахим менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Айрыкча Кыргызстанда күн жана шамал электр станцияларын, ошондой эле чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.
Элчи Улукбек Марипов Сауд Аравиядан мунай продуктуларын сатып алуу, энергетика секторуна инвестиция тартуу жана “жашыл” долбоорлор алкагында көмүртек кредиттери менен алмашуу боюнча сунуштарын билдирди.
Өз кезегинде Мохаммед Абдульрахман Ибрахим энергетика тармагында, ошондой эле соода-экономикалык багытта кызматташууну чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.


