Ирандын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн Ирандагы элчилерин расмий нааразычылык билдирүү үчүн чакырды. Бул тууралуу Associated Press басылмасы кабарлады.
Иран ТИМинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи билдиргендей, Европа Биримдигинин Корпус стражей исламской революциини (КСИР) террордук уюмдардын тизмесине киргизүү чечими «мыйзамсыз, негизсиз жана өтө туура эмес кадам» болуп эсептелет. Анын айтымында, Иран бийлиги жакынкы күндөрү бул чечимге карата жооп чараларын кабыл алат.
«Бир катар чаралар каралып чыгып, ар кандай варианттар даярдалып, тиешелүү органдарга сунушталды», — деди Багаи. Элчилерди чакыруу жекшемби күнү башталып, дүйшөмбү күнү да уланганын белгиледи.
29-январда ЕБнин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери КСИРди террордук уюм деп таануу боюнча макулдашканын билдирген. Бул чечим Иранда декабрдын аягында башталган массалык нааразылык акцияларын күч менен басуу процессине КСИРдин катышуусу менен байланыштуу кабыл алынган.
Мындан кийин Иран парламенти жооп иретинде Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүн террордук уюмдар деп тааныды.
Иран бийлигинин маалыматына ылайык, нааразылык акцияларынын жүрүшүндө 3,1 миң адам каза тапкан. Ал эми Time журналы Ирандын Саламаттык сактоо министрлигиндеги булактарга таянып, курман болгондордун саны 30 миңге жеткенин жазган.

