Бүгүн Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүү казак тараптын демилгеси менен өтүп, анда кыргыз-казак кызматташтыгынын бардык негизги багыттары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Атап айтканда, соода-экономикалык байланыштар, транспорттук логистика, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана суу ресурстары тармактарындагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери каралды.
Касым-Жомарт Токаев Казакстанда жүрүп жаткан, мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багытталган конституциялык реформалар тууралуу маалымат берди. Садыр Жапаров өз кезегинде жүргүзүлүп жаткан масштабдуу өзгөрүүлөрдү, анын ичинде бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдоорун билдирип, жалпы элдик референдумдун ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Мамлекет башчылары маселелерди өз ара ишеним, салттуу достук жана боордоштук маанайда чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Бул эки өлкөнүн көп пландуу кызматташуусунун ырааттуу өнүгүшү үчүн бекем негиз түзөрү айтылды.
Мындан тышкары, тараптар ички саясий реформалар, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашып, алдыдагы көп тараптуу форматтагы биргелешкен иш-чаралардын графигин да карап чыгышты.
