Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирет.
Ага ылайык, 26-февралдан 28-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:
- Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашууда,Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусунда;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда;
- Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында;
- Арал – Суусамыр жолунун 8-21-чакырымдарында;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


