Европанын кызматташтык жана коопсуздук уюмунун Башкы катчысы Бишкекке келет

0
1310

Тышкы иштер министрлиги “Кыргыз Туусуна” маалымдагандай, эртең Европанын кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (OSCE) Башкы катчысы Феридун Хади Синирлиоглу Бишкекке келет. ЕККУнун жетекчиси Феридун Хади Синирлиоглу мырза эки күндүк иш сапары учурунда өлкө жетекчилигинин кабыл алуусунда болуп, тышкы иштер министри менен жолугушмакчы. Сырт иштер министри Жээнбек Кулубаев жана ЕККУнун Баш катчысы Феридун Хади Синирлиоглу эртеңки жолугушууда Кыргызстан менен ОБСЕнин ортосундагы аскерий-саясий, экономикалык, экологиялык жана гуманитардык коопсуздукту чыңдоо боюнча кызматташтыктын кеңири маселелери талкууламакчы. Албетте, Жакынкы Чыгыштагы соңку окуялардан улам жаралган кырдаал да дипломаттар ортосундагы өз ара консультациялардын предмети болору түшүнүктүү.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз