whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЭдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды

Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Эдил Байсалов аны ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнө дайындалышы менен куттуктап, кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, мындан ары натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жана балдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Жунг Тапа балдарды коргоо жана колдоо боюнча мындан аркы жемиштүү ишке даяр экендигин белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар