whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.01.2026
-13.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү«Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин автору Кыргызстанга келди

«Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин автору Кыргызстанга келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин автору билим берүү боюнча алдыңкы эл аралык консультант Ари Покканы кабыл алды.

Ари Покка Кыргызстанга «Бугупресс» басма үйү кыргызчалаган «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин бет ачарына катышуу үчүн келген.

Жолугушууда билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, системаны реформалоо жана балдарды тарбиялоого жаңы ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров мектептерде билим берүүнү трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» программасы тууралуу айтып берди. Ал «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» деген аталыштагы басылып чыгарылган китеп мектеп жетекчилерине жана мугалимдерине жакшы таасирин тийгизеринен үмүт кыларын кошумчалады.

«Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин бет ачары 16-майда, саат 10:00 до (катталуу 09:30 башталат) Бишкек шаарындагы «Орион» мейманканасында өтөт. Кирүү акысыз.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар