whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.04.2025
14.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАкылбек Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга учуп кетти

Акылбек Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга учуп кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 24-майда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти.

Жыйындын күн тартибинин долбоорунда 12 маселе каралат. Анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташуу, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кеңири форматта талкуулоо күтүлүүдө.

Мындан тышкары, жыйында саламаттык сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууга тиешелүү бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.

Түркмөнстанга болгон иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар дагы мерчемделүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар