Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) кезектеги 40-пленардык жыйынына катышты.
Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык топко мүчө-мамлекеттердин курамына дүйнөнүн эң динамикалуу өнүгүп жаткан аймактары кирерин айтып, Кыргызстан ЕАТтын ишмердүүлүгүнө активдүү катышарын билдирди.
“Мындай иш-чаралар биздин аймактын өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү. Биргелешкен аракеттер менен гана биз шек туудурган трансчек аралык финансылык агымдарга эффективдүү мониторинг жүргүзүп, өлкөдөн чыгарылган кылмыштуу активдерди аныктай алабыз. Бул, албетте, биздин мамлекеттердин финансылык коопсуздугун чыңдайт, мыйзамдуу сооданы кеңейтүүгө, ошондой эле инвестиция тартууга жана жалпы экономикалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзөт”, — деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.
Белгилей кетсек, Евразиялык топко Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия , Тажикстан , Түркмөнстан, Өзбекстан сыяктуу тогуз мамлекет мүчө. Быйыл ЕАТтын түзүлгөндүгүнө 20 жыл толду. Отурум үстүбүздөгү жылдын 31-майында уланат.