whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятӨзбекстанда С.Раевдин “Маң” чыгармасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлдү

Өзбекстанда С.Раевдин “Маң” чыгармасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлдү

Өзбекстандагы Бухара облустук драма театрында Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Маң” (өзбекче “Овсар”) пьесасынын негизинде “Найман эненин ыйы” аталыштагы психологиялык драманын премьерасы болуп ѳттү. Бул тууралуу бүгүн Ѳзбекстан Маданият министрлигинин басма сѳз кызматынан билдиришти.

Ѳзбекстан мамлекеттик маданият жана искусство институтунун профессору, философия илимдеринин доктору Виктор Алимасовдун айтымында, чыгарманын мазмуну жана формасы, андагы философиялык тереңдик, ошондой эле режиссердук интерпретация, артисттердин мыкты актердук таланттары спектаклде илгери сүрүлгѳн идеянын маани-маңызын ачып берүүдө өзгөчо роль ойногон.

“Татаал психологиялык драманы театр башка бир ракурстан берген, ошону менен бирге спектаклдеги күтүүсүз табылгалар, экспрессия, метафора, ички коллизия оюндун мазмундук ажарын ачып турат”, — дейт окумуштуу.

Чыгарманын автору, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев мындан бир ай мурда Бухара шаарында болуп, спектаклдин башкы репетициясына катышып, театр жамаатына ѳз ыразычылыгын билдирип, өтө жогорку деңгээлдеги спектакль болгонун айткан эле.

Эскерте кетсек, буга чейин өзбек сахнасында Султан Раевдин “Ханышанын көз жашы”, “Барс бек”, “Илегилек”, “Топон”, “Маң” драмалары коюлган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар