Ошто мончодон өрт чыгып, жети адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 5-июнда шаардагы Кокумбий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыккандыгы тууралу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт ыкчам өчүрүлгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.