Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшада өтө турган Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 17-24-июнь күндөрү Варшава шаарында өтөт.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
- 60 кг — Жоламан Шаршенбеков;
- 67 кг — Амантур Исмаилов;
- 67 кг — Раззак Бейшекеев;
- 77 кг — Акжол Махмудов;
- 97 кг — Үзүр Жузупбеков;
— башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев;
— улук машыктыруучу — Улукбек Карачолоков.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
- 59 кг — Калмира Билимбек кызы;
- 62 кг — Айсулуу Тыныбекова;
- 68 кг — Мээрим Жуманазарова;
- 76 кг — Айпери Медет кызы;
— башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков.