Кыргызстанда мамлекеттик банкттардын биринин аталышы өзгөрдү.
Улуттук банк тарабынан 5-июнда «РСК Банкы» ачык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «РСК Банкы» ААКтын лицензиясы алмаштырылды:
— мамлекет тилдеги толук аталышы: «Элдик Банк» ачык акционердик коому;
— мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «Элдик Банк» ААК;
— расмий тилдеги толук аталышы: Открытое акционерное общество «Элдик Банк»;
— расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО «Элдик Банк».