Понедельник, 13 января, 2025
-8.9 C
Бишкек

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Азамат САКИЕВ: «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу келечектүү»

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору Кыргыз Республикасындагы курулуш жана инфраструктура жаатындагы маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш рынокторуна жол ачат. Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдөгү аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.

Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт.

Узундугу 311,75 км болгон «Торугарт – Арпа – Кош – Дөбө – Макмал – Жалал – Абад» багыты боюнча “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча ТЭН иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Каттамдын бул варианты жүктөрдүн тез транзити үчүн кыска жолду түзүү боюнча талаптарга жооп берет, ошону менен бирге ички темир жол линияларын андан ары өнүктүрүүнү камсыздайт. Ошондой эле, Макмал районунда Түндүк-Түштүк унаа жолу менен кесилиши бар экендигин эске алганда, келечекте логистикалык борборду уюштурууга болот.

Бүгүнкү күндө тараптар «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча ишти аякташты жана «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун ТЭНине үч тараптуу биргелешкен баа беришти.

2024-жылдын 27-29-февралында Пекин шаарында (КЭР) үч тараптуу сүйлөшүүлөр болуп өтүп, анын жүрүшүндө тараптар долбоорду ишке ашыруу механизми жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишкендигин тастыкташты. Алсак, долбоор тараптардын мамлекеттик темир жол ишканалары тарабынан үч тараптуу биргелешкен долбоордук компанияны түзүү жолу менен ишке ашырылаары болжолдонууда (кыргыз тараптан – «Кыргыз темир жолу «Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы, Кытай тараптан –  «Кытай темир жолдору» мамлекеттик корпорациясы жана өзбек тараптан – «Өзбекстан темир йуллари»АК). Ошондой эле, азыркы учурда Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун адистери тарабынан долбоордун мурда иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемесин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында кошумча талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүүдө.

Вера Беделбек, Кыргыз Туусу

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар