whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.03.2025
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары"Өлкөлөрдүн кандайдыр бир кадамдарга барышы күмөн". Глобалдык көйгөй

«Өлкөлөрдүн кандайдыр бир кадамдарга барышы күмөн». Глобалдык көйгөй

Окумуштуу Гейл Уайтмен 2024-жылы абанын орточо температурасынын 1,5 градуска көтөрүлүшү — дүйнө үчүн кооптуу коңгуроо, анткен менен өлкөлөр мындан улам кандайдыр бир кадамдарга барышы күмөн экендигин билдирди. Бул тууралуу Nature илимий журналы жарыялаган.
«Кооптуулуктун бири керектүү кадамдарды жасабай, көңүлдү тынчытып, өзүн-өзү жубатууда турат. Адамдар айтылган чектен деле өттүк, эч нерсе болгонубуз жок го деген ойго жетелениши мүмкүн», — деген илимпоз.
Ал айлана-чөйрөнү коргогондор менен бир топ окумуштуулар бул жаатта Бириккен Улуттар Уюмунун Бразилияда өтө турган климат боюнча ири саммитинде чыгып сүйлөп, маселени көтөрүп чыгарына ишеним артып тургандыгын кошумчалаган.
«Биз адамзат үчүн коопсуз болгон аймактын соңуна жакындап калдык», — деген Уайтмен.
Европанын климаттын өзгөрүшүнө мониторинг кылган Copernicus кызматынын топтогон маалыматтарына таянсак, 2024-жыл дүйнөдө байкоо жүргүзүлүп келе жаткан 1958-жылдан бери эң аптаптуу учур болуп калды. Анда абанын орточо температурасынын 1,5 градуска көтөрүлгөнү байкалган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар