whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомНурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрттү

Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөрттү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртүп, эми Тургунбек уулу болгонун соцтармакта билдирди.

Бул анын  «көптөн берки кыялы» экенин айтты.

“Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече варианттар берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм”, — деди төрага.

Фамилия алууда кеңири тандоо укугун берген мыйзам долбоору ЖКнын биринчи окуусунда жактырылган. Документте фамилия алууда төмөнкүдөй варианттар сунушталат: Мисалы, Бакытбеков Үсөн Жакшылыкович болсо

1. Бакытбек Үсөн же Бакытбек Үсөн Жакшылык уулу (кааласа)
2. Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылык уулу (кааласа)
3. Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылыктын (кааласа)

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар