Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору көп жылдардан бери “Чубактын кунундай” эле чубалып, же башталбай, же башталбай койбой келе жаткан.
Кандай тоскоолдуктар себеп болгонун билбейм, буга чейинки мамлекет башчылары улам эле артка кылчактап, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” болуп, чечкиндүү кадамдарга бара алышкан эмес. А чындыгында бул эл аралык долбоордун Кыргызстан үчүн пайдалуу экендиги буга чейин деле эч кандай күмөн жараткан эмес. Анткени, бизде деңизге чыкчу жол болбогон соң, жакынкы кошуналар менен байланыштырган темир жол болушу экономикабыздын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачмак.
Өткөн өттү, кеткен кетти, азыркы бийликтин чечкиндүүлүгүнүн аркасында буюрса долбоор ишке аша турган болду. Президент Садыр Жапаров так белгилегендей, бул долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин маанилүү бөлүгү болуп каларында шек жок. Темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин ташуулардын жаңы каттамдарына жол ачат. Мунун өзү биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууга ар тараптан оң таасирин тийгизет деген ойдомун.
Азаматтар, мен бул кадамды толук колдойм! Бул долбоор биздин мамлекетти дүйнөлүк рынокко чыгарып, мамлекетибиздин ар тараптан өнүгүшүнө эң сонун жол ачат! Мамлекетибиз азыр болуп көрбөгөндөй жакшы өнүгүү жолунда бара жатат! Бул кадам дагы ошол өнүгүүгө өзүнүн зор салымын кошот деп мен толук ишенич менен айта алам. Кыргызда айтат: «Канжар жалт-жулт этип сүрдүү көрүнгөнү менен ага дагы кайрат керек». Ошондуктан мамлекетибизди өнүгүү жолуна алып бараткан эки Жапаровго тең кайратты, чечкиндүүлүктү каалайм.
Алга Жигиттер!
Алга Кыргызстан!