whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.03.2025
18.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБүгүн биринчи жолу Эл аралык оюндар күнү белгиленүүдө

Бүгүн биринчи жолу Эл аралык оюндар күнү белгиленүүдө

Дүйнөдө биринчи жолу Эл аралык оюндар күнү белгиленүүдө. Бул күн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан март айында бекитилген.

Жыл сайын 11-июнь бардык жаш курактагы адамдар үчүн оюндардын кандай гана түрү болбосун зарыл экендигин эскертип турат.

БУУдан белгилешкендей, оюн – бул эс алуунун же көңүл ачуунун түрү эле эмес, улутуна, маданиятына жана социалдык-экономикалык айырмачылыктарына карабастан сүйлөгөн универсалдуу тил.

Чындыгында, оюн — бул жашоо үчүн маанилүү. Көптөр муну түшүнүшпөгөнү менен, бирок, бул өтө зарыл нерсе. Адамдар олуттуу болууга жана иштерине өтө эле берилип кетишет. Аларды балалык менен эмне менен байланыштырып жатканын унутуп калышат, кыялданууга, жашоого, чуркоого мүмкүнчүлүк берилип жатканына күн сайын ырахаттануу керек дешет адистер.

Ошондой эле оюндар адамдардын ички абалын жакшыртууга, депрессиядан жана чарчоодон алыс болууга жана кээ бир изилдөөлөр боюнча балдардын агрессиясын азайтуу үчүн зарыл деп эсептелет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар