whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүВенада Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум аяктады

Венада Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум аяктады

Австриянын Вена шаарында Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум аяктады. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришет.

Форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын Министрлер Кабинети тарабынан уюштурулган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров соңунда сөз сүйлөп, форумдун ар бир катышуучусуна ыраазычылык билдирди.

«Сиздердин активдүү катышууңуздар жана критикалык темаларды талкуулоого умтулууңуздар, туруктуу жана жашыл келечекке болгон биргелешкен аракетибизди ырастайт. Бүгүн биздин форумдун жыйынтыгын чыгарып жатып, биз байланыштарды орнотууда жана мындан аркы аракеттерди жалпы түшүнүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик деп ишенимдүү айта алам. Түзүлгөн Координациялык донордук комитет Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын жана «сааттарды салыштыруулардын» уландысы болот деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргызстанда бардык багыттар боюнча абдан позитивдүү өзгөрүүлөр болуп жатканын, алардын бири бул форум экенин белгиледи.

«Биздин өлкө өзүнүн өнүгүүсүнүн жаркын үмүттөргө жана дүйнөлүк перспективаларга толгон жаңы дооруна тайманбай кадам таштоодо. Келгиле, жашыл жана бакубат келечекти бирге курабыз”, — деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Форумдун соңунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Координациялык донордук комитет түзүлүп, бир катар документтерге кол коюлду.

Иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышты.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар