Президенттин администрациясында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргызстанга суверендүү кредиттик рейтинг ыйгаруу маселеси талкууланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы эл аралык капитал рынокторуна чыгуу аркылуу инвестицияларды тартуу үчүн кредиттик рейтинг индикаторунун маанилүүлүгүн жана жогорку ролун белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн кредиттик рейтингин алууга багытталган этаптар жана иш-чаралар талкууланды.