Президент Садыр Жапаров чет жактан ташылып келген чет өлкөлүк номерлер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, чет элдик номер тагылган, анын ичинде Армения жана Абхазиядан келген унааларды 3 баскычта мыйзамдаштыруу жүрөт.
1-этапта документи барлар катталат
2-этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп бергендер катталат
3-этапта документи жок унаалар тетик катары сатылат же өлкөдөн чыгарылат
Ошондой эле Кыргызстандын жарандарына тиешелүү документтери жок чет элдик номер тагылган унааларды өлкөгө айдап кирүүгө, ага ээлик кылууга тыюу салынат. Чет элдик жарандардын өлкөгө унаа менен киргени, Кыргызстанда жүргөн убактысы көзөмөлгө алынат. Алар келген унаасын өлкөдөн чыгарып кетиши керек болот.
Андан тышкары чет жактан унаалардын кузовдорун ташып келүүгө убактылуу тыюу салынмакчы.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанда абхазиялык жана армениялык номер менен жүргөн унаалар токтотулуп, айып короого коюла баштаган. Ага байланыштуу парламентте аталган унаалар боюнча мунапыс жарыялап, аларды каттатып алууга уруксат берүү сунушталган. Мындай автоунаалардын ээлери мыйзамдаштыруу үчүн 500дөн 1000 долларга чейин төлөөгө даяр экенин айтышкан.
Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия жана Армениядан алып келинген унаалар боюнча жыйын өткөрүп, аталган маселени чечүү жолдору талкуланган.