Пятница, 10 января, 2025
1.6 C
Бишкек

Социалдык келишимдин шарапаты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Нуржан Оморалиева буга чейин 4 баласына жөлөк пул алып келген. Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген социалдык келишим долбооруна катышып, кайтарымсыз негизде 100 миң сомго 3 тигүүчү машина жана үтүк сатып алган.

Жөлөк пул алган күндөр

Каарманыбыз 2022-жылга чейин 4 баласына жөлөк пул алып келген. Социалдык келишим долбоору ачылганын, ага катышкандарга 100 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз акча бериле турганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн уккан. Ага үй шартында тигүү цехин ачам деп долбоор жазып, 4 айдан кийин акча берилип, 3 тигүүчү машина жана 1 даана үтүк сатып алган.

Эмне үчүн тигүүчү машиналарды алды?

Нуржан тигүүчүлүктү чоң энесинен жана өз апасынан үйрөнгөн. Буга чейин эски тигүүчү машинасы менен ар кандай курактарды жасап жүргөн. 2022-жылдын август айында жаңы тигүүчү машинасы менен алгачкы ишкердигин баштаган.

Мурда дагы курактарды тигип жүргөн­дүктөн анча мынча кардарлары бар болсо, жаңы машиналарды алгандан кийин кардарларынын саны өскөн.

Эки кишини жумуш менен камсыздады

Ал алгач иш баштаганда өзү жалгыз иштеп келген. Акырындык менен кардарлары көбөйүп, буюртмалардын саны өскөндө өзүнүн 2 айылдашын жумушка алган. Алар күн жылуу мезгилде бир үйдө иш кылып келишкен. Кыш мезгили болгондуктан, учурда буюртмалар түшүп калса, алар үйүндө отуруп тигип беришет.

Нуржан тигүүчү машина алганда алгачкы буюртмасы шейшеп болгонун айтат. Эски тигүүчү машинасында буюртмаларды көп убакытта бүтүрсө, жаңы машина менен иш алда канча тез бүтөт дейт.

Күзгү сезондогу кызга сеп

Кыргыздын тойлору түшүм жыйналып, токчулук болгон күз айларында болот эмеспи. Нуржандын да негизги кирешеси күз мезгилинде болот. Анткени, бул учурда кызга сеп буюртма бергендер көбөйөт. Кардарлар дагы базардан сатып алганга караганда атайын буюртма менен жасатса, сапаттуу болоорун жакшы билишет. Андыктан август айынын аягынан тарта декабр-дын башына чейин негизинен кызга сеп жасап, өзүнүн эле эмес, дагы эки кошунасынын каржылык муктаждыгын чечип берди.

Сапаттуу ишке кардар көп

Нуржан башкаларга окшоп үстү-үстүнө буюртмаларды алып, сапатсыз иш кылганды жактырбайт. Бир буюртма алса, ошону айтылган мөөнөткө сапаттуу жасап берүүнү адатка айланткан. Анын ишинин сапаттуу экенин көргөндөр өздөрү эле кезекке туруп буюртма  беришет.

Учурда анын кардарлары өзү жашаган айыл аймакта жетиштүү болуп калды. Кышкысын төшөк-жууркандарды тиксе, жазында жаш балдардын кийимин тигип сатат. Жаш балдардын кийимин базар баасынан арзаныраак саткандыктан, дайыма буюртма болуп турат.

Президент менен жолугушуу

Социалдык келишим долбоору аркылуу жыйынтык көрсөткөн ишкерлер 2024-жылдын май айында Президент менен жолугушууга Бишкек шаарына келишкен. Андан сырткары “Жаңы жашоого жаңы кадам” аталышындагы окуу-семинары өткөн. Аталган жолугушууда өлкө башчысы чакан бизнести колдоо үчүн дагы да арзан насыялар бериле турганын айткан.

Жашоого жаңы кадам

Жөлөк пул алып жүргөндө анын суммасы 4800 сомду түзгөн. Чынында азыркы учурда бул сумма эч нерсеге жетпейт. Нуржан ай сайын берилүүчү жөлөк пулдан баш тартып, жаңы жашоого кадам таштаганын өз учурунда туура кабыл алынган чечим деп эсептейт. Себеби, мурдагыдай жөлөк пулдун көзүн карабай, буюртмалары аркылуу көбүрөөк киреше таап жаткан учуру.

Ал эми социалдык келишим аркылуу иш баштап, бирок, анысын жүргүзүп кете албагандар жөлөк пул эле алып жүргөн учур жакшы болчу деп нааразы болушаарын айтат каарманыбыз.

Башкысы ишеним

Каарманыбыздын айтымында, социалдык келишим долбоорун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жөлөк пул алуучуларга сунуштаганда, айрымдар баш тартышкан. Анын себебин туруктуу берилип турган жөлөк пул эле жакшы деп түшүндүрүшкөн. Бирок, адам дайыма бир калыпта жүрө берсе, анда алдыга карай умтулбай калат. Каарманыбыз андыктан арзандатылган насыя берилсе, айылына чакан тигүү цехин ачууну көздөп жатат. Өзүндөй болуп социалдык келишим долбоору менен иштеп жаткандарды коркпой чоң-чоң иштерге аракет кылууга үндөөдө.

Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар