Четверг, 9 января, 2025
-4.9 C
Бишкек

Дыйкандарды жер салыгынан 5 жылга бошотулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында пост жазып, салыктар жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди.

«Дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторийди 2030-жылга чейин узарттым. 2030-жылга чейин дыйкандарга сугат суу маселесин чечип бүтөбүз, БСР, БДРларды курабыз, каналдарды толук тазалап, керектүү жерлерге жаңыларын куруп беребиз. Кыскасы дыйкандарга суу маселесин чечип беребиз. Ошондон кийин анан жер салыкты кайра жандандырабыз.

Бирок урматтуу мекендештер бир нерсени эсиңиздерге сала кетейин. Салыктардын эсебинен мамлекет кармалып турат жана күчтүү болот. Эмгек акылар, пенсия жана жөлөк пулдардын көбөйүшү, социалдык объектилердин курулушу, жолдордун асфальтталышы жана башка иштер да чогултулган салыктан көз каранды экенин унутпаңыздар. Салык төлөбөй жүрө берсек кийин акыры кечип жиберет экен деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек.

Салыкты өз убагында төлөө бул ар бир жарандын ыйык милдети. Биз суктанган өнүккөн өлкөлөрдө салык ыйык. Төлөбөгөнү же жашырганы үчүн өтө катуу жазалашат. Ошондуктан бизде да салык ыйык болуш керек. Мындан ары салыктарды өз убагында төлөп туруңуздар»,- деп жазды ал.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар