Четверг, 9 января, 2025
-12.9 C
Бишкек

Ысык-Көлдүн жээгиндеги 392 млн. сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан 392 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун түштүк тарабында көлдүн жээгинде жайгашкан жалпы аянты 11,7 гектар болгон жана наркы 392 млн. 652 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Текшерүү учурунда бул жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар